3-августта түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтөт. Башка облустарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +27...+32,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, +20...+25,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +8...+13 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.