АКШ адистери: Демократтардын компьютерлерин Орусиянын хакерлери бузуп киришкен

FIDELIS Сайберсекьюрити жана ThreatConnect аттуу кибер коопсуздук жаатында иш алып барган эки америкалык компания АКШнын Демократиялык партиясынын компьютерлерин орусиялык хакерлер бузуп киргенин айтып чыкты.

Компьютерлерди бузуп кирүү үчүн колдонулган домендер орусялык "Фэнси Беар" хакерлер тобуна таандык экенин алар 1-августта билдиришти.

31-июлда Хиллари Клинтон "биз Демократиялык конгресстин компьютерлерин Орусиянын атайын кызматы бузуп киргенин билебиз" деп билдирген. Кремль мындай айыптоолорду четке каккан. Кибер чабуулдун натыйжасында айрым каттар WikiLeaks сайтына жарыяланып, кийин Демократиялык конгресстин төрагасы Дебби Вассерман-Шульцтун кызматтан кетүүсүнө алып келген.