Эгемендик - 25: Империянын ыдырашы (1-чыгарылыш)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мындан 25 жыл мурда бүтүндөй доор урап, СССР аттуу ири мамлекет биротоло чачырап, анын курамындагы 15 жумурият өз бетинче эгемендиктин туусун көтөрүп, эркиндик алышкан. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында Кыргызстан тарыхый бурулуш мезгилди баштан кечирип, өлкөнү башында эркиндиктин жели араласа, кийин ал бороон-чапкынга айланып, жашоо-турмушту, адамдарды, жалпы коомчулукту таанылгыс кылып өзгөрттү. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата "Азаттык" үналгысы "25" аттуу атайын долбоорду сунуштайт. Долбоор 1-августтан тарта ЭлТР телеканалынан да 21:30да көрсөтүлө баштады. Биринчи көрсөтүүдө улуу империянын ыдырашынын себептери жана Кыргызстандагы демократтар менен коммунистердин тиреши туурасында айтылат.