Ысык-Көлдүн Тоң районунда адам өлүмүнө шектелип кармалган жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди:
-Күч тармагында иштегендер аралашкан кылмыштарды Аскер прокуратурасы териштирет. Учурда бул ишти аталган мекемеге өткөрүп берүү жараяны жүрүүдө.
Маалыматка караганда, өткөн жума күнү Ысык-Көлдүн Тоң районунда эки киши мас абалында жаңжалдашып, бири экинчисин бычактап койгон. Жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасында каза тапкан.
Кылмышка шектелип кармалган жаран 31 жашта. Ысык-Көлгө Бишкек шаарынан барган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул боюнча комментарий берилбей турганын айтты. (SE)