2-августта Кыргызстан аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...31,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз +8...+13.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +14…+16, күндүз +29...+31 градус жылуу болот.