Тайлак - көчмөн элдин чыныгы баатыры

​Бул иш чара тарых жана маданият жылына катара өткөрүлгөн мааракелердин бири.

Президент Алмазбек Атамбаев Тайлак баатырдын 220 жылдыгы байланыштуу кайрылуусунда аны чыныгы баатыр атка татыктуу адам болгон деп белгилеген.

Майрамдык иш чарада Тайлак баатырдын эрдиги чагылдырылган сахналаштырылган оюн коюлду.

Андан соң спорттун күрөш, эр эңиш, ат чабыш түрлөрү боюнча мелдештер болду. 

Тайлак Рыскул уулу болжол менен 1796-жылы азыркы Ак-Талаа районунун аймагында туулган. Ал он тогузунчу кылымдын биринчи жарымынан тарта кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөш жүргүзгөн. Ал 1838-жылы Кокон хандыгынын тыңчысы тарабынан ууландырылып өлтүрүлгөн.