Ак-Талаада жана Кадамжайда эгин аянттарын сел каптады

28-июлда кечке жуук нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен, Баетов айылынын түштүк тарабынан сел агып, Талаа-Булак суу пайдалануучулар ассоцациясына тиешелүү “Туура” каналынан ашып кеткен. Натыйжада Баетов айлынын тургундарына тиешелүү чөп жана эгин айдоолорун кум аралаш сел басып калды.

Кадамжайдын Халмион жана Майдан айылдарындада 28-июлдагы катуу нөшөр селди пайда кылып, сел суулары ички чарбалык жолду жеп, айдоо жерди кум-ташка толтурган. Майдандагы Кара-Дөбө айылында бүтө элек үйдүн жер төлөсүнө, 4 турак жайдын короолоруна сел суулары кирген.

Бардык аймактарда жергиликтүү суу чарба ишканасынын техникалары каналды тазалап, суу өз нугуна салынган. Жарандык коргонуу комиссиясы сел каптоонун кесепеттерин тактоодо.

Ноокатта болсо 32 түп терек кулап, сарайды басып калган. Теректер нөшөрлөп жааган жаандан улам ашыкча нымдуулуктан кулаган деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.(ZKo)