Жаштар майып аялга үй салып берүүдө
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Нарындык демилгечи жаштар 40 жашагы жалгыз бой майып аялга үй салып берип жатышат. Учурда тамдын төрт дубалы толук көтөрүлүп, чатырын жабуу алдында турат. Анын курулуш материалдарына кеткен чыгымды шаардагы кайрымдуу адамдар көтөрүшсө, кара жумуш иштерине ал күчкө толуп турган ыктыярчы жаштар тартылган.