Жети-Өгүздөгү "сары кыздын тою"
Фестивалда конокторго өрүктүн түрдүү сорттору, андан жасалган кыям жана башка азыктар көрсөтүлөт. Мындан тышкары өрүк өстүрүү, өрүк менен ишкерлик кылуу сыяктуу бир катар сабак-семинарлар болот.
Фестивалдын уюштуруучуларынын белгилешинче, өрүк фестивалы ич ара ынтымакты бекемдөө, элди жакырчылыктан чыгаруу жана өлкөгө туристтерди тартууда да чоң салым кошуп келет.
“Сары кыздын тою” деп аталган өрүк фестивалы жыл сайын июнь-июль айларында Баткен жана Ысык-Көл облустарында өтөт. Андан тышкары “Алма”, “Карагат”, “Оймо”, “Кийиз” деген сыяктуу аталыштардагы фестивалдар уюштурулуп жүрөт.