Тарых музейинде өрт чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

22-июлда кечки саат ондо Бишкектеги Тарых музейинде өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, музейдин кампасын өрт чалган. Тарых музейинде жакында эле оңдоп-түзөө иштери башталган болчу. Музейде кыргыз элинин байыркы маданий мурастары жана Совет доорундагы эстеликтер бар.