Франция Иракка оор артиллерия жөнөтөт

Франциянын президенти Франсуа Олланд

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү үчүн Франция Иракка оор аскерий техника жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн Франциянын президенти Франсуа Олланд билдирди. Ал артиллерия Иракка августтун соңунда барып каларын кошумчалады. Ал эми сентябрдын аягында Жакынкы Чыгышка “Шарль де Голль” учак ташый турган кемеси жеткирилет. Экстремисттик уюмга каршы жер үстүндөгү операцияларга француз аскерлери катышпастыгын Олланд дагы бир жолу ырастады.

Франция Ниццадагы чабуулдан кийин экстремисттерге каршы күрөштү күчөтөрүн билдирген.

Ницца шаарында бейшембинин кечиндеги калабада 84 адам набыт болгон. “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдап, кишилерди сүзүп, тебелеп кеткен. Калаба үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу өз мойнуна алган.