Талас: Жоголуп жаткан тарых издери

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таласта алмустактан бери келаткан ири шаарлардын, маданияттардын, көрүстөндөрдүн издери көп кездешет. Бирок чалдыбар-урандыларга азыркы муундун кайдыгер мамилеси адистерди өкүндүрүүдө. Маселен, Талас районундагы "Манас Ордо" комплексинен алыс эмес, Кең-Кол өрөөнүндөгү сактарга, коло дооруна таандык көрүстөндөр орун алган жерден жергиликтүү эл азыркы күнгө чейин топурак-ташты курулуш иштерине ташып, тарых издери жок болуп кетип жатканын айтышууда.