Кувейт менен Кыргызстан ортосунда инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.
2015-жылдын аягында Эл-Кувейт шаарында эки мамлекет ортосундагы инвестицияларды колдоого макулдашылган. Аны ишке ашыруу боюнча мыйзам быйыл июнь айында Жогорку Кенеште кабыл алынган.
Анын негизги максаты – инвестчилер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Андан тышкары, капиталдык салымдарга байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү укуктук база түзүлөт. (SE)