Польша парламентинин төмөнкү палатасы Волындагы 1943-45 жылдары болгон окуяны геноцид деп таануу боюнча токтом кабыл алды.
Ага ылайык, 11-июль “Экинчи Польша республикасынын жарандарына каршы украиналык улутчулдар тарабынан уюштурулган кыргындын курмандыктарын эскерүү күнү” деп жарыяланды. Документте Волында болгон массалык кыргында 100 миңден ашуун польша жарандары курман болгондугу белгиленген.
Документте Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Польшанын куралдуу түзүмдөрүнүн украиналыктарга каршы жасалган аракеттери да кескин сынга алынып, Украина бийликтерине азыркы “тышкы агрессия” менен болгон күрөштө польшалыктар колдоо көрсөтөрү айтылат.
Төмөнкү палата- сеймдин депутаттары документти бир добуштан колдошту. Мурда бул токтом парламенттин жогорку палатасы-Сенат тарабынан жактырылган.
Волындагы окуяларга тарыхый баа берүү боюнча талаштар украиндер менен польшалыктар арасында кызуу талкууланып келет. Эки мамлекеттин тең расмий өкүлдөрү бири-бирин кечиримдүүлүккө жана тарыхый элдешүүгө чакырышат. Украина президенти Петро Порошенко жакында эле Польшага жасаган сапарында Варшавада коюлган Волын курмандыктарына коюлган эстеликке гүл чамбарын коюп, тизе бүгүп эскерген.