Шаңы аз шырдак фестивалы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
20-июлда Ат-Башы шырдак фестивалы өттү. Бул фестивал Нарын облусунда алтынчы ирет өткөрүлүп жатса да бул жолкусу коноктордун аздыгы, чет өлкөлүк туристтердин бирин-серин келиши менен айырмаланды. Ал эми шырдактарын көтөрүп келген жергиликтүү уздар кол эмгектерин көргөзмөгө койгону эле болбосо, шырдактарын сата алган жок.