Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо өтөт

Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоо бүгүн болот. БШК шайлоону алгач 4-июлга белгилеген. Бирок бир да талапкердин жетиштүү добуш ала албаганына байланыштуу өтпөй калган.

Мурдагы мэр Мамбет Койчиев июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан алынган. Ага чейин облустук прокуратура ага мыйзам бузган деген негизде кылмыш ишин козгогон. Койчиев жер тилкесине байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге барган деп айыпталууда. (NT)