Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын базасында мектеп окуучулары үчүн аскер-спорттук лагер ачылды. Ага окуучулар үч агым менен кабыл алынат. Ар биринде 30дан улан-кыз болот.
18-июлда барган алгачкы топтун машыгууларын жана тамак-ашын каржылоону өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү көтөрдү.
Лагерге барган окуучулар аскерий-спорттук машыгуулардан тышкары, саякаттарга да чыгышат жана маданий иш-чаралар уюштурулат.
Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, лагерге баргандарга “Каркыра” чек ара бөлүгүндө иштегендер Мекен чегин кайтаруудагы оош-кыйыштарды айтып беришет. (SE)