Cелден улам жабылган Ош-Айдаркен жолу ачылды

Балыкчыга түшкөн мөндүр.

Баткендин Кадамжай районунда суу ташкынынан улам жабылып калган Ош-Айдаркен жолу тазаланып, каттам калыбына келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя болгон жерде министрликтин куткаруу тобу иштеп, жол толугу менен ачылганын кабарлады. Аймакта нөшөрлүү жаандан улам Ак-Суу дарыясында суу деңгээли көтөрүлгөн.

Андан тышкары, селден улам Бишкек-Балыкчы жолу да убактылуу жабылып, куткаруу тобу жеринде иштеп жатат.

Балыкчы шаарында бармактай мөндүр жааганын жергиликтүү тургундар кабарлашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок. (SE)