Стамбул полициясына вертолетторду атып түшүрүүгө буйрук берилди

Түркиянын полициясы Босфор көпүрөсүн бошоткондон кийин, 16-июль, 2016

Стамбул полициясынын жетекчиси Мустафа Калискан өзүнүн кызматкерлерине шаардын аба майданында уруксатсыз учуп жүргөн вертолетторду эскертүүсүз атып түшүрүүгө уруксат берди.

Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Стамбулга башка аймактардан атайын аскердик күчтөрдүн 1800 жоокери алып келинди. Алар шаардагы маанилүү мамлекеттик имараттардын жана көчөлөрдүн коопсуздугун коргоого жардам берет. Бул тууралуу түркиялык "Анадолу" маалымат агенттиги кабарлады.

Мындан мурун Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө 2004-жылы киргизилген өлүм жазасына чектөө күчүн жоготору мүмкүн экендигин билдирген.