Акын жана котормочу Сүйүнбай Эралиев 2016-жылдын 16-июлунда 95 жашында дүйнө салды.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III жана I даражалуу Манас, “Элдердин достугу” ордендеринин ээси. Кыргыз Республикасынын баатыры.
Ал 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган.1974-жылы Кыргыз эл акыны наамын алган.
Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин сөөгү бүгүн жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Кыргыз академиялык драма театрында өттү. Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.