Улут баскан улуу жол

Аталган маданий иш-чараны өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Каракол шаарынын мэриясы жана Маданият министрлиги менен бирге уюштурду.

Облустун ар бир районунан келген, ар улуттун өкүлү болгон өнөрпоздор өз өнөрүн көрсөтүп, китеп көргөзмөсү, концерт уюштурулуп, даректүү, көркөм тасмалар көрсөтүлдү.

Андан тышкары калпак фестивалы уюштурулуп, калпактын жана элечектин түрлөрү, аларды туура кийип жүрүүнүн жол-жобосун көрсөткөн мастер-класстар да болду.

Караколдо 16-июль түнү «Улут баскан улуу жол» деген аталыш менен алгачкы түнкү этнофестиваль өттү. Быйылкы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган бул иш-чара кыргыз элинин бай маданий мурасынын көп түрдүүлүгүн, жеринин кооздугун, элинин биримдигин даңазалоо максатын көздөдү.