Түркияда 104 козголоңчу жок кылынды

Түркияда түнкү окуяда 104 козголоңчу жок кылынды. Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдын түз эфиринен сүйлөп жатып Башкы аскердик штабдын төрагасынын орун басары Үмит Дүндар билдирди.

Мындан тышкары, Дүндардын айтуусунда, 41 полиция кызматкери, 2 аскер жана 47 жай тургун набыт кетти.

Ал эми жараат алгандар саны 1563 адам. (ElB)