Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовго сөгүш жарыяланды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн ушундай буйрукка кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Буйрукта "...кызматтык милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн" деп жазылган. Бирок кайсы ишти аткарбаганы тууралуу так маалымат берилген жок. (RK)