АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Майк Тайсон Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн тескейине сүзүп өттү.
Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, элчилик кызматкери Тору-Айгырдан баштап, көлдөн 13 чакырым аралыкты 6 саатта сүзүп өткөн.
Элчиликтин Фейсбуктагы баракчасында: Майк Тайсон Ысык-Көлдүн тескейинен күңгөйүнө сүзүп жеткен белгилүү Тору Айгыр аттуу күлүк атты жолдоп, өзүнүн тарыхый 13 км аралыкты ийгиликтүү сүзүп өттү. Ал эс албастан 6 саат бою сүздү. Майкка куттуктоолор”,- деп жазылган.(BkA)