Мүлк фондунун жетекчи орун басары алмашты

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары Азамат Абдыбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министрдин буйругуна ылайык, Мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары болуп Бекболот Алиев дайындалды.

Алиев буга чейин Финансы министрлигинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.(BkA)