Кыргызстанга жыл сайын 4-4,5 миллион чет өлкөлүк жаран кирет. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында айтылганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, алардын болгону 3 гана пайызы каттоодон өтөт, калгандарында расмий каттоо жок.
Муну Коргоо кеңеши улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген жагдай катары баалоодо.
"Өлкөлөргө күч аркылуу таасир этүүнүн "гибрид" согуш түрүндөгү адаттан тыш жаңы ыкмалары колдонулуп жаткан чакта катталбаган чет элдиктердин көп санда болушу улуттук коопсуздук үчүн реалдуу коркунуч жаратууда" деп айтылат маалыматта.
Коргоо кеңешинин президент Алмазбек Атамбаев өткөргөн кезектеги жыйыны 4-июлда өткөн. Анда миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана күч органдарын реформалоо маселелери талкууланган.
Жыйындын чечимдери 12-июлда жарыяланды. (RK)