Бечелова: Аскаровдун күнөөсү далилденген

Чынара Бечелова

Азимжан Аскаровдун күнөөсү далилденген. Сотторго басым болуп жатат. Бул тууралуу ушу тапта Жогорку Сотто сүйлөп жатып Июнь окуясында өлтүрүлгөн милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова билдирди.

Ал эл аралык уюмдар, укук коргоочулар Аскаровдун гана укугун коргоп, каза болгондордун укугун коргобой жатканына нааразы болду.

Эгер Аскаров камактан бошотулса, нааразылыкка чыга турганын эскертти жана буга чейин кабыл алынган сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну өтүндү.

- Менин атасыз өсүп жаткан 6 жаштагы кызымдын укугун ким коргойт. Мыйзамдуу милдетин аткарып жаткан кызматкерди өлтүргөнү далилдеген адамды камактан бошотуу туура эмес болот, - деди Бечелова.

Ал эми жабыркаган милиция кызматкерлери өз көрсөтмөсүндө Аскаров 2010-жылдагы Июнь окуясында мыйзамдуу бийликтин талабына көнбөй, кылмышка катышканы далилденгенин билдирип, өкүмдү өзгөртпөөнү суранышты.

Кечээ Жогорку Сотто Качыке Эсенкановдун төрагалыгы менен судьялар Лепес Темирбеков, Каныбек Бокоев 2010-жылдын Июнь окуясына айыптуу деп өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу карай баштады. Буга чейин аталган инстанция райондук жана облустук соттордун өкүмүн күчүндө калтырган.

Быйыл жазында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун ишин кайра кароону Кыргызстанга сунуштаган.

Жараянда Аскаровду адвокаттар Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов коргоодо. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова коомдук жактоочу катары катышууда.

Жабыркаган тарап, Аскаровдун буйругу менен өлтүрүлгөн деген милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова кечээ сотко ден соолугуна байланыштуу келе албай калган. (BkA)