UWW Кенжеевдин Олимп оюндарына жолдомосун кайтарып берди

Жанарбек Кенжеев азиялык лицензиялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо алгандан кийин. Астана. 18-март, 2016-ж

Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюму (United World Wrestling) кыргыз балбаны, 85 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшчүсү Жанарбек Кенжеевге Олимп оюндарына алган жолдомосун кайтарып берди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жазылган. Маалыматка караганда мельдонийдин өлчөмү уруксат берилген чектен ашпаганын тастыктаган документ Эл аралык Олимпиада комитети жана Допингге каршы эл аралык агенттиктен келгенден кийин жолдомо кайтарылгандыгы жазылган.

Кенжеевден сырткары дагы төрт балбанга: эркин күрөшчүлөр Могаммедмурат Гаджиевге (Польша, 65 кг), Андрей Кзиатковскийге (Украина, 65 кг), кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Сумая Эрденчимегге (Монголия, 58 кг) жана Оксана Херхелге (Украина, 53 кг) канынан кызытма табылды деп алынган лицензиялар кайрадан берилген.

Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Төлөсүн Ысыралиев Кенжеевдин лицензиясы кайрадан берилгени расмий тактала электигин, бүгүн кечке чейин Улуттук Олимпиада Комитетинен расмий кат келгенден кийин так маалымат берилерин айтууда.

Эске салсак, Жанарбек Кенжеев ушул жылдын март айында Астана шаарында өткөн азиялык лицензиялык мелдеште күмүш байге алып Бразилияда боло турган Олимп оюндарына жолдомо алган. Бирок мелдештен кийин тапшырылган допинг тест оң натыйжа берип, канынан тыюу салынган мельдоний заты 0.85 мг өлчөмүндө табылды деп анын жолдомосу 11-майда индиялык балбанга берилген.

Ушул окуядан кийин Кыргызстандын күрөш федерациясы менен Улуттук Олимпиада Комитети Кенжеевдин канынан табылган мельдоний заты уруксат берилген өлчөмдө (0.85 мг) экенин негиз кылып, Биргелешкен Күрөш дүйнөсү уюмуна чечимди кайра карап чыгууну өтүнүп кат жолдогон.

Июнь айынын орто ченинде балбан Жанарбек Кенжеев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасап маселени оң жакка чечүүгө аракеттерди тездетүүнү көзөмөлгө алуусун суранган.

Жанарбек Кенжеев "Азаттыктын" студиясында. 17-июнь, 2016-ж.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кенжеев: Олимп оюндарына баруу үмүтүм өчө элек

Ушул убакытка чейин Кыргызстандын эсебинде Олимп оюндарына 17 лицензия бар.

Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Виктория Полюдина жана Илья Тяпкин, грек-рим күрөшчүлөрү Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев, Айаал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова, боксчу Эркин Адылбек уулу, дзюдочулар Отар Бестаев жана Юрий Краковецкий, сууда сүзүүчүлөр Дарья Таланова менен Денис Петрашов олимпиадага катышууга жолдомо алышкан. Ошондой эле оор атлетика боюнча улуттук курама командага бир жолдомо берилген.