УКМК: Чубак ажыны чектеген чечим болгон эмес

Улуттук коопсуздук комитети Чубак ажынын массалык маалымат каражаттары аркылуу чыгуусуна чектөө киргизген эмес. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" УКМКдан кабарлашты.

Өткөн айда жума намаз үчүн убакытты бир саатка узартуу маселесине байланыштуу интернетте Чубак ажы менен Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаевдин ортосунда кайым айтышуу чыккан. Ошого байланыштуу ал эскертүү алган.

"9-июнда УКМК органдары Чубак Жалиловго карата расмий эскертүү жасаган. Андан кийин ага карата эскертүү же чектөө тууралуу чечим болгон эмес" деп кабарлашты УКМКдан.

Жакынкы күндөрү Чубак ажы эл алдында сүйлөп жатып "Мындан башка сүйлөй турган жердин баары тосулду. Биздин сабактар тосулган. Бирөөлөр "Бул киши азыр сүйлөсө болбойт" деп чечим чыгарышкан окшойт" деп билдирген. (RK)