АКШ президенти жекшемби күнү Мадридде испан падышасы Фелипе VI жана премьер-министри Мариано Рахой менен жолукту.
Мамлекет башчысы катары Европанын бул өлкөсүнө алгачкы сапарын Обама Даллас шаарындагы окуяларга байланыштуу бир күнгө кыскартты. Ал жерде 7-июль күнү беш полицейди снайпер атып салган эле.
Окуя афро-америкалыктардын полициядан ок жеп, каза тапкан соңку учурларына байланыштуу тынч мүнөздөгү нааразылык акциясы өтүп жаткан кезде болгон.
Бийликтер полицияга ок ачкан жигит 25 жаштагы афро-америкалык Мика Жонсон деп жарыялашты. Аскер кызматчысы катары ооган согушуна катышып келген Жонсон өзү полиция менен узакка созулган тирешүү учурунда өлтүрүлгөн. (UE)