Ат-Башы: балык баккандын түйшүгү түмөн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыркы беш жылдан бери Нарында балык өстүргөн чарбалардын саны көбөйүп жатканы байкалат. Бирок бир гана мал багуу менен алек болгон нарындыктар дароо эле суу жаныбарын багууга баш-оту менен кирип кетишкен жок. Анткени балык өстүрүп, аны сатууга алып чыккыча оңбогондой түйшүктү жана узун убакытты талап кылары бышык.