Кыргызстандык Рула цирки Түркияда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ушул күндөрү дүйнөгө таанымал кыргызстандык Рула цирки Түркияда өнөрүн көргөзүүдө. Алгачкы ирет цирк Стамбул шаарынан 100 чакырымдай алыс жайгашкан Йеничифтлик туристтик шаарчасында өз чатырын ачты. Труппа шаарчанын ортосундагы чоң аянтта чатыр менен бирге кыргыз боз үйлөрүн да тигип, үч айга созула турган гастролун 24-июнда баштады.