Кыргызстанда 3-июлда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 25...30;
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17...22, күндүз 28...33;
Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 20...25;
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25 градус болот.
Бишкекте 3-июлда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21, күндүз 28...30 градус болот.