Шаарга агылган жаштар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда соңку жыйырма жыл ичинде ички миграция күч алып, айрыкча айылдагы жаштар шаарга бет алды. Бирок тышкы миграциянын фонунда ички миграциянын көйгөйлөрү көз жаздымда калууда. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Ош жана Бишкек шаарларында бери дегенде бир миллионго жакын ички мигрант бар. Алардын көбүнүн каттоосу да, үйү да, жумушу да жок. Мындан улам алардын укуктары чектелүү. "Азаттык+" бул жолу ички миграциянын көйгөйлөрүн талкууга алды.