Сартбаева: Сахнаны таза сактагыла деп сурандым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз операсынын легендарлуу ырчысы, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти, көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты Кайыргүл Сартбаеванын музыка өнөрүнө кызмат кылганына алтымыш жыл болду. Ал мындан беш жыл мурда, 75 жашка чыкканда ыйык сахнаны жаштарга өткөрүп берип, аны таза сактоону аманат кылган. Андан бери педагогдук иш менен алектенип, таланттарды тарбиялап келатат. Кайыргүл Сартбаева менен “Азаттыкта” Бурулкан Сарыгулова сыябан-маек курду.