Ата өнөрүн улаган уста

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ат-Башы районунун Баш-Кайынды айылынын тургуну Акималы Акматбековго атасынын устаканасы мураска калган. Атасына чоң атасынан калган экен. Ошентип төрт муун иштеткен устакананын бүгүнкү акыбалы көңүл жылытпайт. Анткени азыр айылдыктар койду да машина менен кайтарып, атты көп минбей калыптыр. Мындан улам така жасаткан кардарлардын саны да азайган. Убагында Акималынын аталары үй-бүлөсүн ушул устаканадан түшкөн киреше менен баккан.