Монголиядагы парламенттик шайлоодо оппозиция жеңгени кабарланууда

Улан Батордогу добуш берүү. 29-июнь, 2016-жыл.

29-июндагы шайлоодо Мамлекеттик Улуу Куралдагы 76 оруну үчүн 500дөй талапкер ат салышты.

Шайлоодогу негизги атаандаштар: бийликтеги Демократиялык партия менен оппозициядагы Монголия элдик партиясы болду. Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, баштапкы эсептер боюнча шайлоодо оппозициядагы Монголия элдик партиясы жеңишке жетишти.

Шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө бейшемби күнү эртең менен жарыяланганы жатат. Азиянын кен байлыктарга бай өлкөсүнүн экономикасы азыр чийки заттын баасы арзандап, ага өзгөчө коңшу Кытайдан суроо-талап азайганына байланыштуу төмөндөөдө.

Беш жыл мурун Монголияда бир жылдык өсүш 17,5% чейин жетсе, Эл аралык валюта кору быйылкы өсүштү болгону 0,4% деп болжолдогон.

Шаршембидеги парламенттик шайлоо өлкө 1990-жылы демократияга көчкөндөн берки жетинчи шайлоо болду. (UE)