Ысык-Көлдө торпеда сыналганбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия жаңы үлгүдөгү торпедаларды Ысык-Көлдө сынап жатат деген өткөн жумада чыккан маалыматтар кезектеги талкууга жем таштады. Бирок бүгүн, 29-июнда Орусия Ысык-Көлдө торпеда сыноосун өткөрбөгөнүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты. Орусиянын Аскер-деңиз флоту ушул жылдын аягында “Футляр” деген жаңы үлгүдөгү суунун тереңинде сүзүүчү торпеданы куралдуу күчтөрдүн катарына кабыл алат. Орусиялык маалымат агенттиктери ал торпедалар Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн түбүндө сыноодон өтүп жатканын жакында кабарлаган.