"Кара-Кечеде" бир айдан бери иш токтоп турат

"Кара-Кече" көмүр кени.

Жумгал районундагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" кенинде бир айдан бери иш токтоп турат. Бүгүнкү күнгө чейин белгиленген иштин отуз пайызы гана аткарылган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповдун "Кара-Кечеге" барган учурунда белгилүү болду. Кенде иштегендер “Кыргызкөмүр” ишканасына келген жаңы жетекчиге нааразылык билдиришип, Кайыпов алардын талаптарын өкмөткө жеткирүүнү убада кылды.

Жетекчилик алмашкандан бери келишимдик негизде көмүр казуу менен алектенген "Воргас” жана “Транс Азия” жеке фирмалары техникаларын чыгарып кетишкен. Алардын бул кадамга барышына көмүр ишкананын мурунку карыздары жана жетекчиликтин алмашуусу себеп катары көрсөтүлгөн. Буга чейин каржылык мыйзам бузуулардан мамлекетке олуттуу зыян келтирилген деген негизде “Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы жетекчилигине кылмыш иши козголуп, алар иштен кеткен эле. (MiK)