Түркия президенти Стамбулдагы жардырууларды айыптады

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган 50дөй адамдын өмүрүн алган аэропорттогу жардырууларды кескин айыптады. Президенттин кайрылуусунда террорчулукка каршы биргелешип күрөшүүгө эл аралык коомчулукка чакырык ташталып, соңку окуялар терракт деп аталган. «Стамбулдагы терракттан кийин бүткүл дүйнөдө, баарынан мурда Батышта террордук уюмдарга каршы күрөш күчөшүн каалайм. Стамбулдагыдай бомба кайсы шаар болбосун жардырылышы мүмкүн эле»,-деген Эрдоган премьер-министр Бинали Йылдырым, Башкы штабдын жетекчиси Хулуси Акар менен чукул жыйын курду. Соңунда өкмөт башчы Стамбулга барды.