Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссия башчысы Зейд Раад Аль-Хусейн Британияны Евробиримдиктен чыгууга камданып жатып ксенофобияга жол бербөөгө чакырды.
Өз билдирүүсүндө Аль-Хусейн Британиядагы азчылыктарга жана чет өлкөлүктөргө болгон жек көрүү акциялары тууралуу маалыматтар боюнча өз камтамачылыгын билдирди.
“Расизмге жана ксенофобияга” жол берилбеши керек” - деди комиссия башчысы.
Дүйшөмбүдө Польшанын Лондондогу элчилиги польшалыктар жана башка чет элдиктер Британияда көп басмырлоого кабылып жатышканын билдирген. Полициянын маалыматына ылайык, 26-июнда Англиядагы польшалыктардын маданий борборунда белгисиз адамдар ар кандай жек көрүү сөздөрү жазылган баракчалар таркатып, борбордун имаратына да жаман сөздөрдү жазып кетишкен.