Ирак: мечиттин жанындагы жардыруудан 12 адам өлдү

Мечиттин жанында уюштурулган теракттан жарадар болгондордун саны 30га жетти.

Ирактын баш калаасы Багдаддын жака белиндеги жардыруудан кеминде 12 адам набыт кетип, отуздай адам жарадар болушту. Бул тууралуу Ирактын расмийлери маалымдашты. Жардырууну жан кечти мечиттин жанында, ооз ачар маалда ишке ашырганы белгилүү болду. Азырынча 27-июнда болгон калаба үчүн жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна ала элек.

Бул Ирак армиясы Фаллужа шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотконун жарыялагандан кийинки биринчи теракт. Жекшембиде, 26-июнда Ирак өкмөтү шаарды толугу менен өз карамагына алганын билдирген.