Ырчы Тилебаевге жардам берилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн жумада ырчы жана аткаруучу Нурлан Тилебаевдин ден соолугу начарлап кеткени тууралуу видео интернетке чыккан. Ошондон кийин Тилебаевдин күйөрмандары, Кыргызстандагы шоу-бизнестин өкүлдөрү ооруп жаткан ырчыга жардам берүү үчүн социалдык тармактарда “1000 сом” акциясын уюштурду. 26-июнда бул акциядан чогулган 120 миң сом акча ырчынын колуна берилди. Нурлан Тилебаев өткөн кылымдын 90-жылдары кыргыз сахнасына гитаранын коштоосунда ырдап чыккан. Анын жакындарынын айтымында, ырчы төрт жылдан бери сыркоолоп, ден соолугу менен алпурушуп келет.