АКШдагы суу ташкыны 23 кишинин өмүрүн алды

Батыш Виржиниядагы селден дагы жүздөгөн кишилер куткарылды. Жабыркагандарды издөө жана куткаруу иштери уланууда. Бийликтер суу ташкындан набыт болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымалдыгын эскертишүүдө. Батыш Виржиния штатынын губернатору Эрл Рэй Томблиндин айтуусунда, бул сел - акыркы 100 жылдагы ири суу ташкыны. Анын сөзү боюнча, табигый кырсык жолдорду, көпүрөлөрдү жууп, көптөгөн үйлөргө зыянын тийгизди.

Суу ташкыны бейшембиден тартып нөшөрлөп жааган жаандын натыйжасында пайда болду. Синоптиктердин маалыматы боюнча бир эле күндө Батыш Виржинияга үч айдын нормасындагы жаан жааган.

Губернатор мамлекеттик бийликке кайрылып, суу ташкынын федералдык деңгээлдеги кырсык деп баалоого чакырды. Бул кырсыктан жабыркагандарга жана алардын жакындарына мамлекеттен жардам алууга мүмкүнчүлүк берет. Селдин кесепетинен 60 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калган.