Өткөн жумада ырчы жана аткаруучу Нурлан Тилебаевдин ден соолугу начарлап кеткени тууралуу видео интернетке чыккан. Ошондон кийин Тилебаевдин күйөрмандары, Кыргызстандагы шоу-бизнестин өкүлдөрү ооруп жаткан ырчыга жардам берүү үчүн социалдык тармактарда “1000 сом” акциясын уюштурган. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Назгүл Насиева “Азаттыкка” билдирди.
26-июнда бул акциядан чогулган 120 миң сом акча ырчынын колуна берилди.
Нурлан Тилебаев өткөн кылымдын 90-жылдары кыргыз сахнасына гитаранын коштоосунда ырдап чыккан. Анын жакындарынын айтымында, ырчы төрт жылдан бери сыркоолоп, ден соолугу менен алпурушуп келет. (ZA)