Таштарга "жан киргизген" Камбар уста
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ысык-Көл районунун Бает айылынын тургуну 62 жаштагы Камбар Шералиев таштарды чогултуп, аларды чегип, сүрөт тартып көркүнө чыгарып, үйүнүн айлана тегерегин, бакчасын кооздоп койгон. Таш устанын мындай өнөрүнө кызыккандар арбын, жайкысын туристтер агылып келип, көрүп кетишет.