АКШ: Конгрессмендер иш таштап, жыйын залында отуруп алышты

Демократтар курал сатууга көзөмөлдү күчөтүүчү мыйзам долбоорун добушка койдурууга аракеттенүүдө. 

АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасындагы демократтар шаршембиде жапырт иш таштап, жыйындар залына отуруп алышканына 16 саат болду. Алар курал сатууга көзөмөлдү күчөтүүчү мыйзам долбоорун добушка койдурууга аракеттенүүдө.

Өзгөчө акцияны 1960-жылдары афроамерикалыктардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн, аксакал конгрессмен Жон Льюис жетектеди. Аларды президент Барак Обама, мурдагы президент Билл Клинтон баштаган көрүнүктүү демократтар кубатташты.

Демократтар партиясы сунуштаган мыйзамга ылайык, атайын кызмат террористтер менен байланышы бар деп тизмеге киргизген адамдарга курал сатууга тыюу салынат. А республикачылар тизмеге көп учурда кокустан кирип калгандар да болорун айтып, бул америкалыктардын укугун бузушу ыктымал экендигин айтышууда.

Айрым катышуучулар акция жума күнгө чейин уланарын билдиришти. Республикачылар муну мунасага келүүнүн ордуна саясий шоу өткөрүп атышат деп сынга алышты.

Бир нече жыл мурда республикачылар да ушундай отуруп алма акция өткөрүшкөн эле.