Нарын: он бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

Мектеп.

Нарын облусу боюнча он окуучу “Алтын тамга” деп аталган артыкчылык аттестатына ээ болушту. Алардын алтоо Ат-Башы районунан, экөө Нарын шаарындагы мектептердин окуучулары. Ошондой эле Кочкор жана Нарын райондорунан бирден бүтүрүүчүгө артыкчылык аттестаты берилди.

Артыкчылык аттестаттары 22-июнда Нарын шаарында мыкты жетишкендиктерге жетишкен окуучулар үчүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү уюштурган салтанатта тапшырылды. Иш-чарага эл аралык, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алгандар, кароо-сынактарда, спорттук мелдештерде ийгиликтерди жараткан окуучулар, мугалимдер, машыктыруучулар чакырылган.

Кыргызстанда «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык быйылтан тартып алдыңкы окуучуларга бериле баштады. (MiK)