24-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектердеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
23-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 17-22 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21...26;
Суусамырда түнкүсүн 0...5, күндүз 18...23;
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12...17, күндүз 25...31;
Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 4...9 градус жылуу болот.
Бишкекте 23-июнда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 23...25 градуска чейин жогорулайт.