Жогорку Кеңеш өкмөт түзүмүн өзгөртүү сунушун талкуулоодо

Кыргыз өкмөтү.

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт түзүмүндөгү өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип жатат. Ага өкмөттүн курамы толук катышууда. Жээнбеков төмөнкүдөй өзгөртүүнү сунуштоодо:

-Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;

- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын кеңейтүү;

- Мамлекеттик байланыш агенттиги жана Өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;

- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө милдетин жүктөө.

Өкмөт бул өзгөртүүлөр кошумча жумуш орундарын жана каржылоону талап кылбай турганын, ошондой эле ишти жакшыртууга багытталганын айтууда.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 21-июнда өкмөттүн демилгесин жактырган. (NT)